Паспорт-визалык бөлүмү

Паспорт жана виза бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу
Исламова Айпери Мирлановна
720000, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, көч. Киевская, 44, 113-бөлмө
(996-312) 62-54-12
(996-708) 26-11-97

Бөлүм чет өлкөлүк студенттерге жана окутуучуларга Кыргыз Республикасынын визаларын алуу үчүн документтерди даярдоодо, ошондой эле чет өлкөлөргө саякаттап жүргөн КРСУнун окутуучуларына жана студенттерине консультациялык жана практикалык жардам көрсөтөт.

Негизги функциялары:

  • Университет тарабынан жеке же эки тараптуу келишимдердин негизинде чакырылган чет өлкөлүк делегациялар жана студенттер үчүн чакырууларды жана кирүү визаларын жол-жоболоштуруу.
  • Чет өлкөлүк студенттердин өтүнүчү боюнча же тийиштүү факультеттердин деканаттарынан берилген документтер боюнча аларга окуу визаларын жол-жоболоштуруу.
  • Чет өлкөлүк студенттерге визалык колдоо көрсөтүү үчүн документтердин топтомун Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментине берүү.
  • Виза алуу үчүн чет өлкөлүк студенттердин паспортторун Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ККДна көрсөтүү.
  • Визалардын жарактуулук мөөнөтүн узартууда чет өлкөлүк жарандар милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) макулдугун алышы керек.
  • Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ККДсы, КР УКМКсынын оӊ жообунан кийин, чет өлкөлүк студенттерге окуу визаларын берет.
  • Чет элдик студенттерди Бишкек шаарынын Свердловск ПВКИБсына каттатуу.
  • Чет өлкөлүк студенттер менен тарбия иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү факультеттердин өкүлдөрү дайындалат.
  • Чет өлкөлүк студенттер менен окуу визасын алуу үчүн документтердин топтомун өз убагында тапшыруу жана Кыргызстанда болуу эрежелери боюнча маектешүү жана  ыйгарым укуктуу өкүлдөр менен кеңешүү.
  • Даярдоо курстарынын угуучулары жана чет өлкөлүк студенттер үчүн маалымат базасын жүргүзүү.
  • Чет элдик студенттер менен биргелешкен иш-чараларды пландаштыруу, координациялоо жана өркүндөтүү боюнча Калкты тейлөө борбору, КР ТИМ ККДсы менен өз ара аракеттенүү.
  • Чет элдик студенттердин паспортунун жарактуулугун узартуу маселелери боюнча Кыргызстанда аккредиттелген Элчиликтердин консулдук кызматтары менен өз ара аракеттенүү.