Травматология жана ортопедия кафедрасы

Кафедра башчысы, медицина илимдеринин кандидаты, доцент
Мирджалилов Валерий Миргиязович
720000, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Кривоносов көч., 206 (КР ССМ БНИЦТО)
(996 312) 66 35 49

Кафедранын кыскача тарыхы

Травматология жана ортопедия кафедрасы өзүнүн жаңы аталышын 2014- жылы алган.

2006-жылдан 2011-жылга чейин “жекече хирургиялык дисциплиналар кафедрасы” деп аталчу (КРСУ ректорунун 1.02.2006-ж.  буйругу).

2011-жылдан 2014-жылга чейин “урология, травматология жана ортопедия кафедрасы” деп аталчу.

2014-жылдын 1-сентябрынан КРСУ ректорунун  03.02.2014-ж. № 42-П “медициналык факультетинин кафедраларынын аталыштарындагы жана структурасындагы кээ бир өзгөртүүлөр жөнүндө” буйругунун негизинде “травматология жана ортопедия кафедрасы” деп атала баштады.

Травматология жана ортопедия боюнча лекцияларды   Мирджалилов В.М., Бегалиев А.А., Анаркулов Б.С., Дюшеналиев Б.Б. окушат. Катышуу жана жетишүү боюнча көзөмөл дайыма жүргүзүлүп турат. Сабактан жетишпеген студенттер менен индивидуалдык иштер окутуучу тарабынан белгиленген карыздарды жоюу күндөрү жүргүзүлүп турат.

Ар бир циклдын аягында сабактарды жана лекцияларды өткөрүүнүн сапаты боюнча студенттерди сурамжылоо жүргүзүлүп турат.