Химия жана биохимия кафедрасы

Кафедра башчысы, биология илимдеринин кандидаты, доцент
Матющенко Наталья Сергеевна
720000, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Тынчтык проспекти 1, 1.09 аудиториясы
(996 312) 31-60-56

Кафедранын кыскача тарыхы

Химия жана биохимия кафедрасы ректордун №242-п буйругу менен 2004-жылдын август айында атайын табигый-илимий дисциплиналар кафедрасынын базасында түзүлгөн. Кафедра КРСУнун медициналык факультетинин окуу-илимий түзүмдүк бөлүмү болуп эсептелет жана окуу, методикалык жана илимий-изилдөө иштерин ишке ашырат.

М.и.к., доцент Энвер Мамудович Кучук химия жана биохимия кафедрасын кафедра уюшулгандан тартып, 2016-жылдын сентябрь айына чейин жетектеп келген. Б.и.к., доцент Н.С. Матющенко кафедраны 2016-жылдын сентябрь айынан тартып жетектеп келүүдө.

 

Медициналык факультеттин курамында СЕНД кафедрасы 29.04.96 күнү чыгарылган № 74-п буйругу менен түзүлдү, доцент Э.М. Кучук кафедра башчысы болуп дайындалган. Кафедра биология менен экология, жогорку математика менен биофизика, жалпы, биоорганикалык жана биологиялык химия дисциплиналарын окутууну камсыз кылган. Жогоруда көрсөтүлгөн сабактар лабораториялык базанын жок болгондугунан КММАнын базасында өткөрүлгөн.

 

Химлаборатория КРСУнун №6 корпусунда кафедранын кызматкерлери тарабынан 1996-жылдын май жана сентябрь айларынын аралыгында түзүлгөн. Жабдыктардын, аспаптардын көп бөлүгү, аппаратура жана химиялык реактивдер кафедра окутуучулары тарабынан сатылып алынды.