Кызматка дайындалган күнү -15.10.2024 ж.
Кыргыз-Россия Славян университети Кыргыз Республикасындагы илимий, билим берүү жана маданий борбор болуп саналат, ал билим берүү кызматтары, изилдөө иштери жана иштеп чыгуулар үчүн ИСО 9001-2008 сертификаты менен тастыкталган. Университетте жогорку квалификациялуу профессордук-окутуучулар курамы иштейт алардын саны 876, анын ичинен 137 илимдин доктору жана 420 кандидаты, 3 академиги жана 2 КР УИАнын корреспондент-мүчөсү бар.Университет «Кыргыз Республикасынын Билимге эмгек сиңирген кызматкерлер» наамын алган 11 кызматкери жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик лауреаты» наамын алган 7 кызматкери менен сыймыктанат. Илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо аспирантурада 15 багыт жана 48 профилде, ошондой эле докторантурада 3 тармак жана 4 адистик боюнча жүргүзүлөт. Учурда университетте 7 докторант, 176 аспирант жана 8 соискател билим алууда. Университеттин базасында докторлук жана кандидаттык диссертацияларды коргоо боюнча 15 диссертациялык кеңеш бар.
Структура
Диссертациялык кеӊеш  | 
Илимий-инновациялык башкаруу | 
Эл аралык байланыштар бөлүмү  | 
Атайын бөлүм | 
| Терроризмге каршы институту | 
Стратегиялык талдоо жана болжолдоо институту  | 
"Кегети" окуу полигону  | 
Эл аралык илимий-изилдөө байланыштарды өнүктүрүү бөлүмү  | 
Билим берүү, илим жана маданият борбору  | 
Бийик тоолуу обсерватория  | 
| 
 | 
Аспирантура, докторантура phD |